www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиядагы аэропорттордун биринде катуу шамалдан улам жерге араң конгон учактын видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Видеодо байкалгандай учак абада калкып, бир саамга коно албай турган. Маалыматтарга караганда шамалдын ылдамдыгы саатына 150 километрге жеткен.

Андагы маалыматка караганда, окуя 9-февралда болгон. Wizz Air компаниясынын лайнери Бирмингемдеги аба майданына конууга камына баштаганда "Сиара" аттуу бороонго кабылган.

Кадрдан алгач учактын канаты бирде өйдө, бирде ылдый болуп тең салмактуулугун сактай албай, калдаңдап, абада асылган сымал калганын көрүүгө болот. Бир нече ирмемден кийин учак жерди көздөй бир канаты менен капталдап бара жатып кайра оңолуп кеткен. Учкучтар бир нече жүздөгөн жүргүнчүсү бар учакты аман-эсен кондурууга жетишкен.

Видеону көргөн интернет колдонуучулары учкучтардын чеберчилигине баа беришкен.

Окуяга айрымдар таң калгандыгын айтышса, кээ бирлер ичинде отурган жүргүнчүлөрдүн ошол кездеги абалын элестетип алып, боору ооругандыгын айткан.

9-февралда Улуу Британияда акыркы жети жылдан бери кубаттуу "Сиара" бороону болуп өттү. Шторм Лондондун бир катар аэропортторундагы каттамдар менен темир жол байланыштарын үзгүлтүккө учураткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости