www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганда шаарында МиГ-31 үлгүсүндөгү аскер учагы кулап, эки киши жабыркады. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

Окуя бүгүн, 16-апрелде, Караганда аэродромунун түштүгүндө пландык машыгуу убагында болгон. Самолёт учкандан кийин кыймылдаткычтардын биринен өрт чыккан.

Маалыматка ылайык, учкучтар өздөрүн коопсуздандыруу (катапульттоо) буйругун алгандан кийин самолётту талаага багыттап, калкка коркунуч туулбаган жерден секиришкен.

Кырсыктан эки учкуч жабыркап, ооруканага жеткирилген. 

"Учактын кулаганынан эки жоокер жабыркап, медициналык жайга алып барылды. Жабыркагандардын биринин абалы канааттандырарлык, экинчисинин абалы орточо. Учурда дарыланып жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Коргоо министри аба кырсыгын иликтөө үчүн комиссия түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости