www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чогулган ондогон адамдар кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында полиция акция өтөрү айтылган аянтка эрте келген онго чукул кишини кармап кеткен. Полиция аянтта коронавируска каршы дезинфекция иштери жүргүзүлө турганын жүйө келтирген.

Алматы шаарында да полиция жолду тороп, өлкөдө тыюу салынган “Көчө партиясынын” митингге чыккан ондой мүчөсүн алып кетти. Кызыл-Ордо, Чымкент, Семей шаарларында да ондогон адам кармалганы кабарланууда.

6-июнда Казакстанда митинг өткөрүү тартибин оорлоштура турган “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Буга байланыштуу бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык кыймылы” жана журналист, активист Жанболат Мамай жетектеген Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ тарапкерлерин митингге чыгууга чакырган.

Эске сала кетсек, 4-июнда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус пандемиясы маалында жарандарды митингдерге чыкпоого үндөп, массалык иш-чараларга тыюу салынганын, адамдардын топтолушу инфекциянын жайылуусуна шарт түзөрүн эскерткен.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости