www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 6-июнга карата коронавирустун он бир жаңы учуру катталды. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, COVID-19ду жуктуруп алгандардын жетөөсү медицина кызматкери.

«Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлер Ош шаардык төрөт үйүндө иштегендер, калган төртөө ошол төрөтканада жаткан энелер. Алардын баары буга чейин обсервацияда болчу», — деди Абсаттаров.

Шаардык төрөтканадан коронавирустун алгачкы учуру 12-майда катталган — анда илдетти эң биринчи оорукананын медайымы жуктуруп алганы маалым болгон. Мындан улам аны менен байланышта болгондор такталып, жалпысынан 720 адам обсервацияга жаткырылды.

Андан кийин 28-майда обсервацияга алынган аялдар оорукананын шарттарына нараазы болушуп, үй карантинине чыгарууну талап кылышкан. Бир күндөн кийин обсервациядагылар шарты жакшыраак жеке клиникаларга жана башка мамлекеттик ооруканаларга которулгандыгы маалымдалган. Жалпы 167 адам которулуп, алардын арасында медицина кызматкерлери да бар болгон.

2020-жылдын 28-майында обсервациянын шартына нааразы болгон жаңы төрөгөн энелер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости