www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Кызылордо облусунда жүздөгөн жылкы белгисиз оорудан өлдү. Бул тууралуу «Первый канал «Евразия» телеканалы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Байкенже айылында эле 200 жылкы өлгөн.

«Бул августта башталган, азыркыга чейин уланууда. Эмнеден өлүп жатканы түшүнүксүз. Биз 50 жылдан бери мал багабыз, бирок мындайды көргөн эмеспиз», - деди айыл тургуну Канетбек Кембай.

Телеканалдын маалыматына караганда, жылкылар орточо 10 күндөй ооруйт. Чөп жебей, арыктап, андан кийин өлүп калат. Дарылоо пайдасыз болууда. Ооруган жылкыларды айгырлар үйүргө жолотпой жатат.

«Түндүк облустарда өлгөн канаттууларга компенсация берип жатышат. Бизге дагы кичине жардам берилсе. Кимдир бирөөнүн 20-30 жылкысы өлгөн, мындай үй-бүлөлөр көп», - деди айыл тургуну Абдиманап Акимбек.

Ветеринардык инспекциядан мындай көрүнүшкө адамдар өздөрү күнөөлүү экенин билдиришти. Алар жылкылар өлүп жаткан илдет — гастрофилез экенин айтышкан. Ветеринардык дарыгерлердин айтымында, жылкылар жайытта жүргөндө ичине аталган ооруну козгой турган курттар кирип кетет.

«Бул жылы күн аябай ысып, жаан-чачын жааган жок. Малды күндүз эмес, кечинде жайыш керек болчу. Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, курттарды жок кылуу үчүн жылкыларды жуунтуп туруш керек эле», - деди Жанакоргон районунун ветеринардык станциясынын директору Марат Казыбаев.

Белгилей кетсек, Кызылордо облусунда расмий түрдө гастрофилез оорусун 4 райондо тастыкташты. Облус жетекчилиги жумушчу комиссия түзүп, жашоочуларга өлгөн мал үчүн компенсация төлөө маселесин талкуулайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости