www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын чек арасында калып калган кыргызстандыктар КРнын бийлигине алардын маселесин дароо чечүү талабы менен кайрылышты. Болбосо алар нааразычылык акциясына чыгарын билдиришкен.

Кайрылуунун видеотасмасы  Инстаграм социалдык тармагында тарады.

«Урматтуу президент, сиз кыргыз элин колдой турган адамсыз.
Биздин жарандар машинелерде жашап жатышат, алардын арасында аксакалдар да, аялдар да бар. Акчабыз такыр калган жок. Биз мекени жок эл эмеспиз. Биз Кыргызстандын жараныбыз. 120 депутаттын ичинен бешөө гана - Каныбек Иманалиев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Наталья Никитенко эле бизге күйүп жатат. Калган министрлер, президентке биздин керегибиз жок. Биз акча, автобус же самолет сураган жокпуз. Биз чек араны өзүбүздүн унааларыбыз менен өтөбүз. Бизге болгону эки саат керек. Казакстандын транспорт министри менен сүйлөшкөнгө эркиңер жетпейби? Бизге Кубат Бороновдун эмне кереги бар? Менин деле дипломум бар, мен деле министр боло алам. Бизге эч ким менен сүйлөшкөнгө жарабаган чалдардын эмне кереги бар? Силер бүткүл дүйнөнүн алдында шылдың болдуңар. Депутатттар, ушул суроону көтөргүлө. Болбосо Ак үйдөн чыгып кеткиле. Биз посттон өтөбүз. Ушул үчүн митинг болот. Эч кандай чыдам калбады. Мына аксакал ыйлап жатат. Кудайдан корккула», - деп чек арада калган кыргыз жарандары агынан жарылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости