www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--“Партиянын сапаты жаман болуп калды. Азыркы депутаттарды же талапкерлердин баарын казып, текшерсе баарынын колдору чыканагына чейин кир. Себеби, баары элдин, мамлекеттин мүлкүнө кол салгандар. Алар мамлекетти тоноп жегендер же коррупцияга баткан адамдар. Эл ушундай парламенттик башкаруудан тажады. Ошондуктандан президенттик башкарууну тандап алды. Мына партияларга мүчө болгондор шайлоодо жеңип чыгып депутат болобуз дешет. Ал эми тизменин аягындагыларга “министрликтерди же башка жетекчилик орундарды беребиз” деген пландап алышат. Ошону менен катар ошол партияда иштегендер “жок дегенде мамлекеттик кызматтарга илинип калалы” деп жанталашкандар. Бирөө дагы мамлекеттин же элдин кызыкчылыгын ойлошпойт. Ушуларды карап отуруп зээним кейип, ичим ачышат”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg