www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавындагы эки чек ара бекети ачылды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

“Өтүкчү, Кайтпас постторунан жөө адамдар, жеңил машинелер жана кичи автобустар өтөт. Оор жүк ташуучу машинелер өтпөйт. Карапайым калктын жашоосу жеңилдесин деген максатта ушундай иштер аткарылды”, - деди Ташиев.

Атайын кызматтын төрөгасына жергиликтүү тургундар бир катар суроолорду беришти. Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлер тууралуу көйгөйлөр айтылды. Ташиев эл көтөргөн маселелер эки өлкөнүн макулдашуусу менен чечилет деп убада берди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чечилиши боюнча элге маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындай жолугушуу бүгүн Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда уланат.

25-мартта эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык протоколго кол коюлган. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.

Бул жолугушуудан кийин Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилди деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости