www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычы коңшу Өзбекстандын карамагына өтүп кеткен. Өткөн жумада суу сактагычтын жээгинде жашаган айыл тургундарынын арасында ушундай маалымат тараган. Алардын айтымында жергиликтүүлөрдүн үлүш жерлерине эскертме тактайчалар коюлуп кеткен. Мындан улам айыл тургундары өздөрүнүн үлүш жерлерине өтө албай калышкан. Бул тууралуу маалыматты Ынтымак сайты жазып чыкты. 

Мындай тынчсыздануулардан улам жергиликтүү бийлик Кашка-Терек жашоочулары менен чогулуш да өткөргөн. Анда айылдыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Ынтымак чек ара заставасынан келди мен бардым. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, азыркы күндө табличкаларын алып кетишти. Азыркы күндө жер эч кандай Өзбекстанга өткөн эмес. Жерлер Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарынын үлүш жерлери”, –  деп билдирди Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Бодонов. 

Анткен менен азыр да жергиликтүү тургундарда чочулоо бар. Себеби чек ара кызматы эскертме тактайча коюлган аймакта жарандар өздүгүн тактаган документи менен жүрүшү керектигин айткан. Бул айылдыктар менен болгон чогулушта да эскертилген.

Мамлекеттик чек ара кызматы жергиликтүү элдин тынчсыздануусуна негиз жок деп билдирет. Азырынча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясы   “Кемпир-Абад” суу сактагычы кайсы тарапка тийиштүү экендигин тактай элек.

Буга чейин Кыргызстан Өзбекстан өлкө башчылары жолугуп, эки тарап ортосундагы такталган чек аранын 85 пайызын бекитишкен. Калган тактала элек тилкеде дал ушул Кемпир-Абад суу сактагычы калууда. Эки тараптуу сүйлөшүү дале уланууда. Бирок талаш жараткан аймактардын качан аныкталышы азырынча анык эмес, деп жазат Ынтымак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости