www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-мартта Бишкектеги Ак Үйдүн алдына Жогорку Кеңештин депутаттарын таркоосун талап кылган митинг өттү.
Ага  саясатчы Клара Сооронкулова келип, журналисттердин бир канча суроолоруна жооп берди. 

--"Азыр жасап жаткан кадамдар, конституциялык реформа кыйшык жол менен кетип баратат. "Эл 10-январда добуш берди" деген жүйө менен шылтоолоп жатышат, бул эч кандай мыйзамга дал келбейт. Себеби эл добуш берген күндө деле алар "мыйзамсыз кабыл алгыла" деп айткан жок да. Тескерисинче, "мыйзам жолу менен, туура кабыл алгыла" деп айткан. Ошондуктан ушул жерде жыйналган элдин талабы - бул азыркы Жогорку Кеңештин курамы ишмердүүлүгүн токтотсун, алардыкы 28-октябрда бүткөн. Демек, кайрадан шайлоо дайындап туруп конституциялык укугун өткөрсө, мен мисалы контитуциялык реформага каршы деп айта албайм, себеби референдумга 10-январдан кийин баш ийиш керек. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдуулук сакталыш керек", - деди Сооронкулова.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости