www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-мартта Бишкектеги Ак Үйдүн алдына Жогорку Кеңештин депутаттарын таркоосун талап кылган митинг өттү.
Ага саясатчы Руслан Акматбек дагы келип өзүнүн оюн билдирди.

“Азыркы депуттар жөн эле отурушат. Алардын эч кандай бул жерде мыйзамдары жок. Андыктан кабыл алууга дагы укуктары жок. Мен буга чейин бир канча жолу айттым. Бизге президенттик башкаруунун кереги жок. Көп убакыттардан бери парламентаризм деп жүрөбүз. Алар бардыгына кол бууп коюп туруп өздөрүн өзү билип жатканы чекилик көрүнүш. Өткөн жылдын октябрь айынан бери легитимсиз парламент кандай гана мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатат. Бүгүнкү жарандык активисттердин иш-чарасын кубаттайм. Конституциянын жаңы долбоорун элдик талкууга эч ким койгон жок. Легитимсиз парламент кетип, ал эми долбоор кайрадан жазылууга тийиш”, - дейт Руслан Акматбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости