www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылы 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда 2 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун жергиликтүү кеңештерди шайлоо учурунда укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча ички иштер органдарынын бөлүм башчылары менен онлайн-жыйынында белгилүү болду.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 2273 тилкелик шайлоо комиссиясы түзүлдү. Аталган шайлоо процессинде коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.
Ал эми шайлоо тилкелерине 4 миң кызматкер бекитилет. Азыркы учурда ИИМ жана БШК кызматкерлери таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү боюнча координациялык иштерди жүргүзүшүүдө.
Булак: NazarNews.kg