www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта элди ызы-чууга салган Кант шаарынын Панфилов көчөсүндө бир айдан бери спирт ичимдигин ичип жүргөн. Бүгүн, 28-мартта ал кыргыз элинен кечирим сурады. Анын видеотасмадагы сөзүнө таяна турган болсок, ал көп убакыттан бери бирөөгө тарынып жүргөн. 

“Мен аябай көп ичип коюптурмун, кечирип койгула. Бирөөгө тарынып аябай ичип коюптурмун. Болду мындай кайталанбайт. Өзүмдүн жашым дагы келип калды, 54 жаштамын”,-деп кечирим сурады. 

Бул окуя боюнча NazarNews агенттиги Ысык-Ата РИИБине байланышып, окуянын чоо-жайын тактаган. РИИБинин кызматкери Таалай Аңылдаков белгисиз аялды Кант шаарынын ооруканасына алып барышкан жана ал бир айдан бери спирт ичимдигин ичип жүргөндүгүн билдирген.

Эске сала кетсек, Фейсбук социалдык тармагында 27-март күнү  Кант шаарынын Панфилов көчөсүндө жерде кулап жаткан аялдын видеосу жарыяланган. Тасманы социалдык тармакка жүктөгөн  автор, аял жарым саттан бери жерде жатканын, бирок, эч ким жардам бербегенин айткан. Ошондой эле, милиция кызматкери кан тамыр аркылуу жүрөктүн согушун текшерип эле кетип калганын, “Тез жардам” кызматы келбей жатканын да кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости