www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Ставрополь аймагында Коронавирус менен ооругандарга жардам берген врач көз жумду. Бул тууралуу жекшемби күнү облустун губернатору Владимир Владимиров билдирди.
"Тилекке каршы, биз коронавируска каршы күрөшүүдө жоготууларга учурап жатабыз. Биздин аймакта ооруга жардам берген медициналык кызматкердин биринчи өлүмү катталды. Башка адамдардын өмүрүн сактап калган адам өз өмүрүн берген", - деп жазган Владимиров өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына.
Аймактын башчысы медициналык кызматкердин жакындарына көңүл айтып, пандемия учурунда дарыгерлерге үйдө калуу жана өзүн-өзү изоляция режимин сактоо эң жакшы жардам экендигин белгиледи.
"Дарыгердин иши ар дайым эрдик. Бирок бүгүнкү күндө бул өмүргө коркунуч туудурган чыныгы эрдик. Мен баарынан ушул нерсени эстеп, ден-соолугу үчүн жоопкерчиликти алууну суранам", - деп жазды губернатор.
Ставрополь аймагында коронавирустун 385 учуру катталган, 15 бейтаптын абалы оор. 59 адам орточо оор абалда, 58 бейтап айыгып, бешөө көз жумган.
Булак: NazarNews.kg