www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 23-майда коронавирус жуктуруп, абалы оор болуп жаткан бейтапка операция (трахеостомия) жасалды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирген болчу.

Бейтапка операцияны Улуттук госпиталдагы дарыгер-оториноларинголог Владимир Пак жасаган. Анын айтымында, коргоочу кийим менен операция жасоо оор болду.

«Бөлүмгө киргениме 30 мүнөт болгондо абдан тердеп, аба жетпей баштады. Бет капты чечип салууну да ойлодум. Бир нече секунд дүрбөлөңгө түштүм. Эки сааттан кийин гипоксияны (кычкылтектин аз болушу) сездим. Үч сааттан кийин суу болуп калдым. Мээ иштеп, бирок абдан алсыз болуп, чарчап, колум титиреп, башым ооруду. Мындан көрө 21 километр чуркасам ошол жеңилирээк болмок. Көптөгөн кызматкерлердин өнөкөт оорулары күчөдү. Себеби организм дайыма жылып, муздап, кургайт. Мындай шартта иштөө оор экенин билчүмүн. Бирок жон терим менен сезгенден кийин бул канчалык оор экенин толугу менен түшүндүм», – деди дарыгер.

Врач оториноларинголог Национального госпиталя Владимир Викторович Пак поделился своими впечатлениями после 3-х часовой...

Опубликовано Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги Среда, 27 мая 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости