www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы вакцина чыгаруу процесси сыноодон өткөрө турган жаныбарлар жок болгондуктан кечеңдеп жатат. Бул тууралуу Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов Россиянын “Жить здорово!” телеберүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, дүйнө боюнча 20га жакын компания, анын ичинде россиялык ишканалар вакцина иштеп чыгууну баштаган. Бирок, негизги бир көйгөйү сыноодон өткөрө турган лабораториялык жаныбар жок болгондуктан кечеңдөөдө деген.

Ага кошумча, адис гриппке каршы колдонулчу дарылар коронавирус инфекциясынан коргобой турганын баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости