www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмаз Сулаймановду бычактап кетишти. Бул тууралуу NazarNews.kgге күч түзүмдөрүнөн маалымдашты.

Аталган кылмыш иши боюнча Нарын ОИИБи: “2020-жылдын 28-март күнү саат 12:50 чамасында Нарын шаарында Тойота-Пассо үлгүсүндөгү автоунаасы менен Лексус 570 үлгүсүндөгү автоунаасы жол кырсыгына учураган. Анын натыйжасында эки айдоочунун ортосунда сөздөн сөз чыгып урушуп, анан бири-бирин бычак менен сайып салышкан. Андан соң Нарын ОИИБинин имаратына келип "киши өлтүрүп алдым окшойт. Мына алып келдим"-деп Нарын шаарынын тургуну 1995-жылы туулган Ш.М. кайрылган”,-деп билдиришти.

Бул факты боюнча Нарын ОИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Эске сала кетсек, шектүү катары кармалган жаран-1998-жылы Лимонти (Алмаз Сулайманов) тарабынан өлтүрүлгөн делген уюшкан кылмыштуу топтун Имаш Шамиев аттуу мүчөсүнүн уулу.

Белгилей кетсек, Алмаз Сулайманов (Лимонти) 1998-жылы Имаш Шамиевди өлтүргөндүгү үчүн 25 жылга кесилген. 18 жыл олтургандан кийин августта Сулайманов Нарындагы жатак-абакка которулган. Алдын ала айтылган кабарларга караганда Лимонти Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Имашты килемге ороп, өрттөп, Нарын дарыясына ыргытып жиберген. Уулу бой жетип, атасы үчүн өч алган болушу мүмкүн деген версиялар айтылууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости