www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Акыркы күндөрү биздин элдин арасында ынтымактын жоктугу өлкөгө аябай чоң зыянын келтирип, өсүүгө таптакыр жол бербей жатат. Мисалга, мына кечээки Кой-Таш менен Арашандын тургундарынын президентке кайрылуу жасаганы аябай мени таң калтырды. Атамбаевдин тарапташтары жеке кызыкчылыктарын токтотсун. 2019-жылы Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө таш түшүрүп, баарын даярдап алганы бул коркоктук, акылсыздык. Анын кесепетинен УКМКнын кызматкери, менин уулум көз жумган", - деп маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--"Булардын таптакыр түшүнүгү жок экен. Атамбаевдин айланасындагы Сегизбаев, Мусабеков, Канат Сагынбаевдер 2019-жылы УКМКнын адамдары келсин деп, Кой-Таштагы окуяны атайын уюштурушкан. Мунун дагы өзүнүн режиссеру бар. Бул окуя өзүнөн-өзү болгон жок да. Бирок мунун эң өкүнүчтүү жери, АКШ Япониянын эки шаарына атом бомбасын таштагандай, Атамбаев өзүнүн туулган жерине, Арашан менен Кой-Ташка "атом бомбасын таштады". Атамбаевдин огунан уулум каза болуп, УКМКнын дагы бир кызматкери жарадар болгон.

Азыр биздин мамлекет мыйзамды катуу кармаш керек. Биздин өлкө кантип өркүндөп өсөт? Канткенде күчтүү мамлекет болот? Качан гана мыйзам баарына бирдей иштегенде. Мамлекеттин аскери күчтүү болуш керек. Учурда Орусия менен Украинанын ортосунда эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Бул абдан коркунучтуу. Өлкөнүн Коргоо министрлиги, Коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги эң күчтүү болуш керек", - дейт Мамаева.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости