www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурларда Кыргызстандан кетип, башка мамлекеттерде баш калакалап, мигрант болуп жүргөн жарандар аз эмес. Мына ошол чет жакка мигрант болуп агылган кыргыз жарандарынын башынан өткөргөн түйшүктөрү тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Медербек Ысманалиев айтып берди.

«Урматтуу мекендештер!

Мурун мекендештерибиздин барган жеринде көйгөйлөр болсо, азыр убактылуу жашап-иштей турган жерлерине жетпей туруп, жолдо эле көйгөйлөр көп болууда.

Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн негизинде биздин мекендештерибиз миграция агымдарын өзгөртүп, Европа, Азия мамлекеттерине жана Америка Кошмо Штаттарына багыт алышууда.

Бүгүн ошол эмгек багыттарынын бири Америка Кошмо Штаттары боюнча сөз козгогум келди. Себеби, бул Латын Америкасынан Мексикага, андан ары АКШга жолдо бара жаткан мекендешибиздин аманаты, өтүнүчү эле.

Азыркы мезгилде Америкага 3 жол менен кетип жатышат. Биринчи жолу: Орусия жарандыгы бар журтташтарыбыз түз эле Мексикага учуп барышып, андан ары Америкага бир нече аракеттерден кийин кирүүгө аракет кылышууда.

Экинчи жолу: Кыргызстандын жарандыгы менен Мексика түз бара алышпайт, себеби Орусиядан айырмаланып, Кыргызстандын жарандары түз Мексикага визасыз кирүүгө мүмкүн эмес. Ошол себептен биздин жарандар 5-6 мамлекетти кесип өтүп, Мексикага барып, андан ары Америкага кирип жатышыптыр. Ал эми үчүнчү жолу мыйзамдуу: Американын Элчилиги аркылуу виза алышып, андан кийин кетип жатышат.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунда болуп өткөн Миграцияга сереп салуу боюнча эл аралык форумга барып келдик. Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго жана Вашингтондогу мекендештер менен жолугушуп, ошондой эле, суроолорго жооп берүү үчүн мекендештерибиз тарабынан уюштурулган «Голос Нью-Йорк KG» телеграмм радиосунун угуучулары менен 4-5 саат он-лайн баарлаштык. Ошол жерде Латын Американын бир мамлекетинен Мексиканы көздөй бара жаткан жараныбыздын жана башка мекендештерибиздин өз баштарынан өткөрүп жаткан күндөрүнөн айта кетели:

«Жашым 35те. Кыргызстандын жаранымын, спорт менен машыгам. 20 күн мурун Латын америкалык бир өлкөгө келип, Мексиканы көздөй жөнөдүм. Башынан эле баарыңыздардан жалдырап-суранам: бул жолго салбаңыздар! Андан көрө Кыргызстанда эле отуруңуздар, суранам! Биз көргөн азапты көрбөңүздөр.

Мен жаш спортсмен болуп туруп, Мексикага жетпей жатып ден-соолугудму жоготтум. Джунглилерде буттарымы чиркей жана курт-кумурскалар чагып, бутум шишип кеткен, таңып алдым. Алым куруп, жада калса, телефонду көтөрүп кулагыма алып келгенге дарамет жок. Cөзүм кургак болбош үчүн өзүм күбө болгон төмөнкү маселелерге көңүлүңуздөрдү бурам:

1. Биздин топто 2,5 жашар кызы менен бара жаткан жубайлар бар. Улутун жана жарандыгын билбейт экенмин. Ошолор, ушунчалык кыйналышканынан, биздин көзүбүзчө 2,5 жашар кызын джунглиге таштап коюп кете беришти. Артыбызда келе жаткан топ мигранттардын арасында келе жаткан грузин жарандары кызды джунглиден көрүп калышып, ата-энесине алып келип беришти;

2. Кадимкидей эле рефрижератор (муздаткычы бар) фурага 420 адам батат экен. Колдорун ылдый түшүрүп, 420 адамды жүктөп алып, 13 саат жол жүрдүк. Колуң ылдый түшкөн бойдон кетет, жогору көтөрө албайсың. Жонуң кычышса, арт жактагы адамдан сурансаң, башы менен кашып коет;

3. Бир мамлекеттин чек арасынын экинчи мамлекетке өтүп баратканыбызда, топто бара жаткан жигиттин акчасы калбай калгандыктан, адам сатуу менен алектенгендер жигиттин келинчегин «акчаны которосуң, биз келинчегиңди коё беребиз» деп алып калышты;

4. Жарга окшогон, тике жерден чыктык. Биз барган күнү жамгыр жаап койгон экен. Эми жеткениңде сыйгаланып түшүп кетебиз. Мен 6-жолку аракеттен кийин араң чыгып, суй жыгылдым. Чыкпасаң, күчкө салып, мажбурлашат, болбосо, джунглиде калтырып коюп кете беришет;

5. Бийктиги 5-6 метр болгон океандын толкундарынан кичине бир кайык менен өттүк. Ал жерде океанга түшүп кеткен, кайык оодарылып кеткен учурлар көп болот экен.

Ошол себептен көптөн-көп суранам: мындай жол менен миграцияга чыкпай эле коюңуздар. Бул суранычты мүкүн болгон булактар аркылуу Кыргызстандык мекендештерге жеткириңиздер» деп 35 жаштагы мекендешибиз аманатын айтты.

Дагы бир мекендешибиздин айтып бергени: «Чикагодо биздин эле кошуна мамлекеттин бир жараны бар. Анын чогуу келе жаткан 24 жаштагы уулу кайык чайпалганда океанга түшүп кеткен. Азыр эми аксакал бул жакта жумушка да, жашоого да көңүлү жок кайгырып жүрөт».

Ошондуктан, урматтуу мекендештер, миграция жаатындагы мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болуңуздар, башка жарандарыбызды да мыйзамдуулукка чакырыңыздар.

Бул терс көрүнуштүн келип чыгуу себептерин да айтпай кетсек, туура эмес болот. Мекендештерибизди шыкактап, куру кыялдарга бөлөгөн блогерликти аркалаган кээ бир мекендештерибизде да күнөө бар.

«Кокуй, бул жакта айына 15 000-20 000 доллар таап жатабыз! Жашоо керемет! Келе калгыла, жыргайсыңар!» деп жар салышып, бирок анын ар жагы кандай болот, кандай азап менен ал акчаларды таап атышат, ошондой эле, ал тапкан акчалардын 25-45% жылдын акырында салыкка кетээри, ал жакка баргандан кийин документтеринин бүтүшүн 10 жылдап күткөндөрүн жана башка кемчиликтерин, «медальдын экинчи жагын» айтпай жатышат, тилекке каршы.

Ошончо жарыя кылгандан кийин, чет өлкөгө мыйзамдуу, коопсуз жол менен кетүүнүн жолдорун айтыңыздар, урматтуу блогерлер.

Анын ортосунда шылуундар да мекендештерибиздин маалыматынын жоктугунан пайдаланып, жасалма билеттерди, документтерди, жада калса башка мамлекеттердин паспортторун жасап берип, олчойгон акчаларын алышып, орто жолдо (Түркияда, Латын Америка мамлекеттеринде) калтырып кетип жатышыптыр.

Бүгүнкү күндө, мекендештер, Кудайга шүгүр, азыраак болсо да Кыргызстанда эле калып, иштесе болот. Ооба, маяна аздыр, бирок чыгымдарды эсептей келгенде, ошол эле акча каражаты калат.

Эмне үчүн биз чөнтөккө түшкөн жана чыккан акчаны эле эсептей беребиз. Бөтөн элде, бөтөн жерде көргөн азап-тозокту, мээримсиз өсүп жаткан балдарды, ата-эненин сагынычын, өзүбүздүн ден-соолугубузду эске албайбыз?!

Кандай болгондо дагы, кай жакта болсоңуздар да мыйзамдуулуктан тайбайлы, мекендештер!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости