www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргызстандын бардык аймагына өзгөчө кырдаал киргизилип жаткандыгына байланыштуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өзгөчө кыдаал менен өзгөчө абалдын айырмасын түшүндүрүп берди.
"Бардык аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилип жатат. Тактап айтканда, бул өзгөчө абал эмес - өзгөчө кырдаал болуп саналат. Бул жерде атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок элдин жүрүм-турумуна, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Зарылдыгы жок башка жакка чыгууга, эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат. Ал эми өзгөчө абалда, өзгөчө кырдаалга караганда бардык нерселер каттуу көзөмөлгө алынып, тыкыр көзөмөл жүргүзүлө баштайт", — деп түшүндүрдү Боронов.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12ге жетти. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар Сауд Арабиядан келген Сузактын тургундар болсо, экинчи учур 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун жашоочуларынан аныкталды. Алар да кичи ажылык сапардан кайтып келишкен. Үчүнчү учур бүгүн, 21-мартта 6 кишиден аныталды. Жаңы катталган бейтаптардын бири Баткенде, бешөө Сузак районунда.
Булак: NazarNews.kg