www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кумтөрдүн айынан курман болгон адамдын өлүмү азыркы күнгө чейин аныкталбай келет”, - деди бүгүн, 11-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Бөдөш Мамырова.
- Бөдөш айым айтсаңыз, бүгүнкү күндө президентибиз элди бириктирем, баарын орду-ордуна коём деп убада берип жатат. Президент элди биримдикке чакырыш үчүн Атамбаев түрмөдөн чыгыш керек. Белорусияда жашынып жаткан Бакиевди алып келишибиз керек. Ошондо кырдаал кандай болуп калат?
- Азыркы абал баарына белгилүү болгодой бир нукта эмес. Ушундай чар жайыт болуп турган мезгилде, элди биримдикке чакырыш үчүн сөзсүз түрдө мыйзам өкүм сүрүшү керек. Мыйзам эч качан эч кимге сенин сөзүн туура, келип бир эки ооз сөз сүйлөп кетип кал дегенге жол бербейт. Баарына мыйзам чегинде мамиле кылып койсо эл аны түшүнөт. Эгерде мыйзамды сыйлап мыйзам менен чара көрөм десе, Кумтөрдүн башы каяктан башталганын аныктап билиши шарт. Кеп Атамбаевди абактан чыгарып, Бакиевди чет өлкөдөн алып келиш эмес да. Алардын ар бири өлкөнү башкарып турганда кандай калпысытык кетиргенин, Күмтөрдүн зыяны менен пайдасы кайсы президент убагында канча пайызга көтөрүлгөнүн ачыктап койсок, баары өз нугуна түшөт.
Күмтөр боюнча айта кетсек, Бакиевдин убагында келишимдер өзгөртүлгөн. Атамбаев башкарып турганда келишим эбак эле бүткөн. Ал эми Кумтөрдүн иштеши, ачылышы Акаевдин убагында башталган.
Ушул Кумтөрдүн айынан каза болгон биздин туңгуч премьер-министр Насирдин Исановдун өлүмү азыркы күнгө чейин аныкталбай келет. Эгерде Назирдин Исанов болгондо биз башкача нукта болот белек?: Экономикабыз башка жолду тандап, алдыга жылыштар болот беле? деп элибиздин айтып калганы бар.
Булак: NazarNews.kg