www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окурмандар детектив, ужас, бульвардык китептерин “талап” окуган Кыргыз эл жазуучусу, мамкатчы Чолпонбек Абыкеев журналисттерге берген интервьюларында маалыматтарга маани бербей эле сүйлөй бере турганына күбө болдук.

Ал “жакшы көргөн жазуучум Маркес” деп айтып жүрөт, бирок ушул магиялык реализмдин анабашынын чыгармаларын деле жыргатып түшүнбөй турганына көзүбүз жетип калды. Себеби, Маркестен таасирленсе, көркөм наркы бар бир нерсе берет эле го? Азыр Абыкеев окуяны кууп жазгандан өйдө көтөрүлө албай жатат. Бир маегинде Ч.Абыкеев “Маркес “Жалгыздыктын жүз жылын” 3 жылда жазган” деп кызылдай калпты шыпырылта бериптир.

35 миллион нуска менен 35 тилде жарык көргөн бул роман 18 ай, же бир жарым жылда жазылганын Абыкеев билбесе, бүт дүйнө билет. Дагы бир маегинде “Кызыл көйнөкчөн келин” деген китебинин жанрына “ужас” деп аныктама берсе болобу! Адабиятта, искусствонун башка түрлөрүндө деле акылга сыйбаган көрүнүштөрдү чагылдырган чыгармаларды фантастика (!) дейт эмеспи.

Эми биз ага акыл айталы деген деле ниетибиз жок, себеби, ал “Ашыктык жообун күтпөгүн” фильминдеги күлкүдөн оозу жыйылбаган баягы Колобок эмес да, ал азыр өлкөбүздүн идеологиясын жүргүзгөн мамкатчы Чолпонбек Абыкеев. Ошон үчүн элге чындыкты айтып, туура багытка баштаса болгону.

Булак: Азия News гезити

Последние новости