www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 7- каналдын түз эфиринде депутат Кубанычбек Мырзабекович Жумалиев блогер Сыймык Жапакеев менен жолугушууга барбайт. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу кайрылуу жасады.
“Урматтуу мекендештер, көрөрмандар. Менин аты жөнүм Жумашев Бактыбек. Кесибим жактоочу. Мен Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин өкүлү жана жактоочусу болом. Кечээ өзүңөр көргөндөй Мелис Аспеков менен Кубанычбек Жумалиев «Санат ТВ» дан жолугушуп маек кургандан кийин Мелис Аспеков «Кубанычбек Жумалиев менен Сыймык Жапыкеев жолугушуп ортосунда жаралып калган маселелерди чечишип алса»-деп сунуштаган. Бул сунушка депутат макул болуп, бүгүн 6-май 2020-жылы саат 10:00до 7-каналда экөө жолугушмак. Бирок өзүңөр күбөсүңөр кечээ Сыймык Жапыкеев өзүнүн баракчасындагы жолугушуудан баш тартып, ордуна Максат Мамытканов келет деп айтты. Урматтуу көрөрмандар, Жапыкеевдин бул чечими туура эмес деп эсептейм. Анткени көп туура эмес, чындыкка дал келбеген нерселерди Кубанычбек Мырзабековичке тийиштирип айткандан кийин өзү келип далилдеп берсе болмок. Сыймык Жапыкеевдин баш тартуусунан кийин 7-каналдагы пландаштырылган жолугушууга келбөөнү чечти. Мындан кийинки кадамдары мыйзам чегинде жана укук талаасына болот”-деди ал.
Булак: NazarNews.kg