www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аты-жөнүн атабаган, Ош облусунун туругуну жалпы кыргыз элине кайрылып, мурунку президент "Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келишибиз керек" деген сунушун киргизди. Бул тууралуу анын видеокайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.

Айдоочунун кайрылуусун төмөнкү видеотасмадан көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, буга чейин 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучусу Болсун Рысбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жаңы пост жазып, Курманбек Бакиевден кечирим сураган. 

“Курманбек Салиевич, мени кечириңиз, Таластык иниңизди. Канча жыл өтсө дагы азыр эч өзгөрү жок. Убагында, жаман ой же жек көрүү эле, сизге. Канкор Бакиев эмес, канкор ошол убактагы бийлике умутулган элдин ырыскысын жеп жутарлар канкор экен. "Убакыт дарылайт" деген чын экен. Бара - бара ак - караны айырмалап, оркойто билинип калат экен. Азыркы жашообуз элдин ырыскысын жеген "крысалар" көп. 2010-жылдан кийин кошомат кылып, бийлике келген адамдардын баары байыды. Карапайым эл өз арабасын түртүп келе жатат. Балким, 7-апрель болбогондо өлкөбүз өнүгүп кетет беле? Бирок, 70% оңолмок экен. "Ким же кайсы Ажоо мыкты?", - десе, сизди айтат элем "Бакиев мыкты болгон экен" эх...

Ким кандай ойлосо ойлосун, ар адамдын жеке тандоосу. Убагында 7-апрельде Аянтка чыгып, өз салымымды кошсом, а азыр бекер ошондо чыгыпмын деп өкүнүп калдым. Жаман жазмай жок! Бул менин жеке оюум туугандар!", - деп жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости