www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу жааган жамгырдан Пекиндин 13 районунда 44 673 адам жабыркап, 11 адам каза болгонун Associated Press агенттиги Пекиндин суу ташкынынын алдын алуу башкармалыгына таянуу менен билдирди.

"Дайынсыз жоголгондордун тизмесинде дагы 27 адам бар", — деп билдирди министрлик.

Шаардын кооптуу аймактарынан 127 миң адам эвакуацияланды. Ал эми сел жана суу ташкындоо коркунучу дагы деле сакталып турат.

Пекин метеостанциясынын маалыматы боюнча, 29-июлдун кечинен 1-августтун таңкы саатына чейин Пекинде орточо эсеп менен 260 мм жаан жааган. Жаан-чачындын эң көп көлөмү Ментуго жана Фангшан райондоруна түшкөн, аларда орточо эсеп менен 447,6 мм.

Бул табигый кырсыктар «Доксури» тайфунунун кесепетинен келип чыкканы айтылды.

Буга чейин Филиппинди "Доксури" тайфуну каптап, бир жумада 39 адамдын өлүмүнө алып келген. Миңдеген адамдар үй-жайсыз калышып, эвакуациялоого аргасыз болушкан. Тайфун Тайвань аралына да катуу кесепетин тийгизди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости