www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлтүрүү үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагындагы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жеке менчик мейманканалардын биринен коңшу мамлекеттин жараны 1992-жылы туулган А.Б. кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси (Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү)  боюнча издөөдө жүргөн.  

Алынган маалыматка караганда, жогоруда аталган жаран оор кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкектин аймагында жашырынып жүргөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери тергөө органдарынан жашырынып жүргөн адамды издөөгө жана кармоого көмөк көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылышкан. Кылмышка түздөн-түз тиешеси бар 1992-жылы туулган жаран Кыргызстандын аймагында жашынып жүрүшү мүмкүн деген маалымат келип түшкөн.

Кармалган жаран А.Б. белгилүү клубдун жыйырма сегиз жаштагы фитнес-машыктыруучусун өлтүрүүгө шектелүүдө. Ал 17-июлга караган түнү Алматы шаарында аны атып өлтүргөн.

Андан соң Наурызбай райондук ички иштер бөлүмү 31 жаштагы жаранга издөө салып, Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту ага карата сыртынан камакка алууга чечим чыгарган. Маалым болгондой, ал буга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартылган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы жаранды тез эле кармашкан. 

Учурда  Казакстандын жараны камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости