www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Кошбай Масиров мурдагы президент Курманбек Бакиевди бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап, чын ден соолук каалады.
"Урматтуу Курманбек Салиевич!
Сиздин бүгүнкү туулган күнүнүз менен куттуктайм. Ушул 74 жаш курагыңызга толгонго чейин элибиздин башында лидер, жолбашчы, президентиттик кызматты да аткарып, кыргыздын кызыл туусун желбиретип, бийик көтөрүп, дүйнө элинин алдында шаңдуу, даңктуу өткөзгөн мезгилдериңиз болду .
Сиз ,Кыргыз Республикасынын президенти кызматын аркалап кызмат өтөп жетектеп турган 5 жылдык убакытта мамлекетибиздин алтын - валюталык резерви 1,5 миллиард долларга көбөйүп, жалпы көлөмү 2 миллиард долларга жетсе, тышкы карызыбыз 500 миллион доллардын кыскарышына жетишкенбиз. Мындай зор экономикалык өсүшкө жеткизүү сиздин гана жетектөөңүздөн келгенин бүгүнкү тарых ташка тамга баскан сыяктуу далилдеп турат. Сиздин жетектөөңүздө улуу курулуштар башталып, жанданып, бүткөрүлүп, жаңыланып, пландалып элибиздин экономикалык-финансылык жашоо деңгээлинде улуу бурулуш, өнүгүү, өсүү, жаңылануу, багыты башталган болчу. Мисалы Бишкек-Торугарт, Ош-Эркештам, "Кызыл-Кыя", "Араван" цемент заводтору Орто Азиядагы эң чоң ири заводтордун катарында болуп, ишке кирүү менен азыркы мезгилде Кыргызстандын экономикасына зор салым кошууда. "Иштамберди", "Казахмыс" алтын комбинаттары бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун экономикасынын локомотиви болуп калды.Сиз башынан бери куруу иштерине аракет кылып, бюджеттин эсебинен курулган Камбар-Ата 2 ГЭСнин 1-агрегаты бүгүнкү күндө 7 миллиардтан ашык электро энергия чыгарып берди. "Тамчы" аэропорту сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор түзүлүп, ишке ашырылган. Сиз кыргыздын чыгаан, ишмер, залкар уулдарынын бирисиз ,көпчүлүк элибизде улуу урмат сыйга татыктуусуз .
Биз көргөнбүз, билебиз. Саясий, адилеттүү, калыс, укуктук гана баа берилиши күтүлүүдө.
Урматтуу Курманбек Салиевич! Сизди досторуңуз, тарапташтарыңыз 74 жашка толгон туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Өзүңүзгө чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ой-тилек, максатарыңызга жетишүүңүзгө тилектешпиз. Ата Мекенибизге кайтып келип, жүз көрүшкөн бактылуу күндөргө жеткизсин", - деп жазган куттуктоосунда.
Булак: NazarNews.kg