www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында хиджабсыз оюнга чыккан ирандык шахматчы Сара Хадем Иранга баруудан кооптонуп жатканын казак маалымат каражаттарына билдирген.
26 жаштагы шахматчы маектеринин биринде өз өлкөсүнө кайтып барбай, Испанияга качып кеткенинин себебин ачыктаган.
Сара Хадем
"Мен хиджаб кийип алсам, өлкөмдөгүлөр эмне деп ойлойт деп тынчсыздандым. Бийликти колдоп, көпчүлүктүн пикирине каршы чыккандай болуп калмакмын.
Биздин жаңы төрөлгөн уулубуз бар. Мунун кесепети кандай болорун түшүнүп, жолдошум менен баарын алдын ала сүйлөштүк. Ал мени дайыма колдоп келет. Махса Амининин каза болгондугу тууралуу кабарды укканда аябай таң калдык", - дейт Хадем.
Белгилей кетсек, 2022-жылы сентябрь айында 22 жаштагы ирандык Махса Амини шектүү жагдайда Тегеранда (Иран) ооруканада каза болгон. Маалым болгондой, адеп-ахлак полициясы кызды хиджабды туура эмес кийгени үчүн кармаган.
Махса Амини
Расмий версия боюнча, Амининин жүрөгү кармап калган. Ал эми күбөлөрдүн жана коомчулуктун айтымында, кыз полиция тарабынан катуу сабалган, бирок Иран бийлиги бул версияны жокко чыгарган. Махса Амининин өлүмү 2022-2023-жылдары Иранда бир катар нааразылык акцияларына алып келген.
"Уулум Сэм кичине болгондуктан, аны менен дайыма турнирлерге барганга аракет кылам, жолдошум мени коштоп жүрөт. Кесибиме байланыштуу менде шенген визасы бар. Жолдошум менен уулум Канаданын жарандары. Ошондуктан, Шенген аймагына кирүү көйгөй болгон эмес.
Бизге баарын көтөрүү бир аз кыйын болду, көп нерсени өткөн учурга таштап келүүгө туура келди. Биз кетүүгө даяр болбосок дагы, убакыт келген эле. Эгерде мен өлкөгө кайтып барсам, камалып жаткан башка көптөгөн ирандыктар сыяктуу мен да камалам", - деп кошумчалайт спортчу кыз.
Эскерте кетсек, ирандык спортчу кыз-келиндер эл аралык мелдештерде өз өлкөсүнүн атынан чыгууда дресс-кодду катуу сактоого милдеттүү. Негизиги талап кыздардын башын жоолук менен жаап чыгуусу.
Былтыр декабрда Алматыда өткөн шахматтын рапид жана блиц боюнча дүйнөлүк чемпионатында Сара Хадем бул талапты бузуп, жоолук салынуудан баш тарткан. Турнирден кийин ирандык спортчу мекенине эмес, Испанияга учуп кеткен.
Булак: NazarNews.kg