www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө милиционерлер кыздын өмүрүн сактап калышты. Бир аз кеч калганда ал чөгүп кетмек. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү болжол менен  кечки 18:15до  Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Кекилик”  панционатындагы көлдүн жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн  ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун  кызматкерлери  милициянын старшинасы Нурланбек уулу Жеңиш жана милициянын кенже сержанты Айнабек Курманбеков  жардам сурап жаткан кыйкырыкты угушкан. Алар дароо көлгө чөгүп жаткан жаранды көздөй чуркашып, тез аранын ичинде аман-эсен куткарып калышкан.

Куткарылган жаран Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну болгон. Эс алууга келген кыз аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу суудан чыга албай чөгө баштагандыгын, милиционерлер көрүп калып, бир өлүмдөн куткаргандарына ыраазы экенин айткан. Куткарылган кыз өз убагында ыкчам куткарып, дагы бир өмүр тартуулаган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.  

Белгилей кетсек, учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери алгылыктуу иштерди алып барышып, бир ай ичинде Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан бир нече адамды куткарып, жоголгон баалуу буюмдарын таап беришкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости