www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын Нигердеги элчилиги жакын арада өлкөдөн француз жарандарын эвакуациялоо пландалганын жарыялады. Бул тууралуу ТАСС дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Учурда француздарды республикадан эвакуациялоонун убактсы айтыла элек.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон буга чейин Нигердеги француздарды коргоого убада берген.
Нигерде мамлекеттик төңкөрүш жасаган аскерий күчтөр Францияны жана анын союздаштарын согуштук операцияны баштоо ниетинде айыптаган. Согуштук аракеттердин максаты бийликтен четтетилген өлкөнүн президенти Мохамед Базумду бошотуу болушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, 27-июлда өздөрүн Ата Мекенди коргоонун улуттук кеңеши деп атаган аскер адамдарынын тобу улуттук телевидение аркылуу өлкө президенти Базумдун бийликтен кулатылганын жарыялашкан.
Бирок, Базум бийликтен кулатылганы тууралуу билдирүүлөргө карабастан, кызматтан кеткенин расмий жарыялаган эмес.
Базум 2021-жылы Нигердин президенти болуп шайланган. Би-Би-Си аны Франциянын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн жакын өнөктөшү деп атайт.
Булак: NazarNews.kg