www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев кесиптеши Мирлан Жээнчороевди соттошууга, болбосо жекеме-жеке чыгып эркекче сүйлөшүүгө чакырган. Анын аягы эмне менен бүткөнүн депутаттын өзүнөн сурадык. Натыйжада соттошууга да, мушташууга да барбаганы белгилүү болду.

"Эми алар өздөрү түшүнүп алат деп ойлойм. Кийин өздөрү аябай уят болуп калат. Алар фактысы жок сүйлөп атпайбы. Бул киши (Мирлан Жээнчороев — ред.) өзү эле акылына... Эми ал кишини сыйлайм, ошондуктан өзү жыйынтык чыгарат болуш керек. Себеби калп айтканга болбойт, кыпкызыл калпты айтып атат", — деди Ибраев.

Эки депутат кечээ парламенттин жыйынында кайым айтышкан. Жээнчороев кесиптешин көз боёмочу деп атап, мыйзам долбооруна эксперт катары чакырган Владимир Фролов да шылуун экенин билдирген. Андан соң Ибраев негизсиз сындап жатат деп Жээнчороевди жекеме-жеке чыгууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости