www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өкмөт өзүм билемдик кылбай, биздин чөйрөдөгү нормаларды биз менен кеңешип иш алып барса”, - деди NazarNews маалымат агенттигине медиа эксперт Авланбек Жумабаев.

“Конституциялык реформа өткөндөн кийин өлкөдө мыйзамдарды инвентаризациялоо процесси башталып, Кыргызстанда иштеп жаткан бардык тармактарга өзгөртүүлөрдү киргизе баштады. Себеби алар дагы жаңы Конституциянын мыйзамдарына жооп бериши керек.

Ошондой эл биздин кесиптик чөйрө иштеп жаткан регламенттерди дагы өзгөртүү аракеттери болуп жатат. Бул процесс апрель айынан эле башталып, аны көрүп биздин медиа коомчулук ар кайсы аппаратурага кайрылышкан. Бул жумушчу топторуна биздин кесиптештер дагы кирген. Ошого карабастан биздин кесиптик чөйрөдө эмне болуп жатканын билишпейт.

Ошондуктан бүгүн биз кесиптештерибизге, журналисттерге атайын маалымат берүү үчүн чогулдук. Экинчи жагынан процесстерди иштеп жаткан мамлекеттик органдар өз билемдик кылбай биздин чөйрөдөгү нормаларды биз менен кеңешип иш алып барса деген үмүттө бүгүнкү иш-чарага чогулуп жатабыз.

Андыктан бул иш чаранын негизинде биз президентке, Жогорку Кеңешке, Юистиция министрлигине Кайрылуу жолдойбуз. Мындан кийин медиа чөйрөсүнө тийиштүү болгон мыйзамдарды биз менен акылдашып, талкуулашып анан шашпай кабыл алуусун суранабыз”, - деди Жумабаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости