www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин жергиликтүү программалардын биринде сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

Берүү учурунда С.Ибраев өзү чакырган орусиялык эксперт Владимир Фролов президент Садыр Жапаров менен жолукканын айтты.

«Садыр Нургожоевич бул экспертти жеке өзү кабыл алды. Текшерип, ага ынангандан кийин колдоо көрсөтүп жатат», - деди депутат өз сөзүндө.

Өз кезегинде президенттин маалымат катчысы депутатты президенттин атынан комментарий бербөөгө чакырды.

«Биз айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырабыз. Бул үчүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бар», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости