www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда ар кайсы мамлекеттерден өлкөбүзгө келе албай жаткан, документтеринде көйгөй болуп жаткан мекендештерибизден кайрылуу, сурануулар болууда.  Алардын бири Россия Федерациясында эмгектенген мигрант Мырзабек Досматов мукактанып, миңдеген мекендештерибиздин көйгөйүн айтып, өз кайрылуусун бийликке жолдогон. Кыргыз мигрантынын Кайрылуусу  төмөндөгүдөй:

“Урматтуу Өкмөт башчысы жана Жогорку Кеңештин депутаттары!

Саламатсыздарбы? Мен, Мырзабек Досматов Россия Федерациясынын Москва шаарындагы эмгек мигрантымын. Бүгүнкү күнгө чейин социалдык тармактар аркылуу бир нече жолу видеокайрылуу аркылуу президентке чейин айтып келем.

Биздин Москвадагы мигранттардын эң негизги көйгөйү -  каттоого туруу (регистрация) маселеси. Бирок, ушул убакка чейин эч ким көңүл бурган эмес.

Пандемиянын шылтоосу менен мигранттардын абалы эми чындап ыйлай турган абалга келди. Бүгүн Москва мэриясынын бийлиги токтом чыгарыптыр. Анын негизинде эгерде мигрант жашаган жеринде каттоодо турбай, ошол учурда текшерүүгө кабылган болсо автоматтык түрдө протокол түзүлөт жана 4000 сом айып пул салынат.

Россия Федерациясынын мыйзамы боюнча, мигрантка бир жылдын ичинде эки жолу административдик айып пул салынган болсо, экинчисинде автоматтык түрдө Россия Федерациясынын 5 жылга чыгарылат. Бул Кыргызстандын жарандары автоматтык түрдө кишенге түшөт деген сөз. Мурда бизди кармап, “каттоодо турган эмессиң” деген талап коюшса, конокко келдим деп шылтоо айтат элек

Эми андай шылтоо айта албайбыз. Анткени, пандемия учурунда чыгарылган мыйзамдардын негизинде жашаган жеринен башка жерге чыгыш үчүн атайын өткөрмө кагазынын (пропуск) негизинде гана уруксат берилет.

Азыр дүкөнгө чыкканда эле милицияга колго түшөсүң. Бул деген потенциалдуу түрдө 4000 сом айып пул төлөйсүң деген сөз.

Урматтуу биздин өкмөттүн жетекчилери, миграция кызматы, элчилик жана ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, эртең эмес, бүгүнкү күндөн баштап силер катуураак киришип, бул жакта жүргөнүбүздү мыйзамдаштырып бергенге аракет кылышыңыздар керек.

Мисалы, мен каттоого туруш үчүн батирдин ээси менен сүйлөшүшүм керек. Батирдин ээлери эч кимди каттоого коюшпайт. Ижара акысын алып жаткан болсо да, эч качан каттоого албайт. Бул биздин күнөө эмес, бирок күнөөлүү биз болобуз.

Түрдүү маалыматтар боюнча Россияда жүргөн, каттоого алынбаган болжол менен 700 миңдей мекендешибиз бар. Алардын ичинен ар кандай жол менен 300 миңдей мекендешибиздин документи бар дейли. Дагы 400 миң адам калды.

Эгерде сиздер көңүлгө албай турган болсоңуздар, 400 миңге жакын адам аэропортко барат, ошондо кантесиздер? Ошого жеткирбей, аракет жасаңыздар.

Биз буга чейин аэропортко баргандарды сабыр кылып тургула дедик. Эми биздин өзүбүздүн абалыбыз оорлошуп, ушул абалга жеттик.

Тиешелүү органдар менен сүйлөшүп, президенттик деңгээлде болсо дагы чечип бериңиздер.

Шайлоонун алдындагыдай көпчүлүк депутаттар популисттик көз караштар менен “мигранттар талаада калды” деп кыйкырып калдыңыздар.

Эми биздин суранычтарды аткарбасаңыздар, шайлоо дагы келатат, ошондо дагы сүйлөшөбүз.

Мажбур болуп көчөгө чыккан болсок, жакшы болбойт. Бул коркутуу эмес, эскертүү. Ушул абалга жеттик.

Ошондуктан, сураныч, ушул маселени оңунан чечип бериңиздер”,-деп сөзүн аяктаган айласы жок калган мекендешибиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости