www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биз жашоодо биргебиз" коомдук кайрымдуулук фонду 6 жашар Жалалабад шаарынын эле эмес, кыргыздын сыймыгы Кыргыз Брюс Лиси Нурмухамед Ташмаматов инибизге фонд атынан белектерибизди, атасына жана устатына "Ыраазычылык барактарын" балдар күнүнө карата жана акчалай колдообузду көрсөттүк.

Мен "Биз жашоодо биргебиз" коомдук кайрымдуулук Фондунун төрагасы катары дал ушул уулду тарбиялаган ата - энесине жана Сенсейге башкача айтканда "устатына" Ош шаарынан ыраазычылык баракча берүүнү Рамазан айынын түн бир оокумунда көздөн жашты агыза жараткан алдында сөз бердим. Бул инсан менин да жаш бала кезимден көзү өтсө да тирүү легендага айланган эле, деген пикирин билдирди Асранкул Жээнкулов.

Бир топ жылдар илгери Ли Сяо Лун же болбосо Брюс Лини жоготтук деп ойго батып жашап жаткан элек, бирок ошол легенда өлсө да, артындагы керемет күч аны тирүү кармап укумдан-тукумга өткөрүп бере берет экен.
Айтайын дегеним КРда Нурмухаммед аттуу инибиз бул инсандын өнөрүн алып чыгып дүйнө элдеринин таңдануусун арттырууда. – деп кошумчалады Асранкул мырза.

Эске сала кетсек, Нурмухамед Ташмаматов жакында эле Россиянын “Лучше всех” теле долбооруна катышып, атактуу алып баруучу Максим Галкиндин оозун ачырып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости