www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык терапевт доктур Гүлмайрам Желденбаева коронавируска каршы жабдык иштеп чыккандыгын билдирди.

 Ал жабдыктын жардамы менен бир убакытта эле 100гө жакын адамды эффективдүү дарыласа болот. Желденбаеванын баамында коронавирус менен озонотерапия аркылуу айыкса болот жана ал үчүн озонатр жабдыгы иштелип чыккан.

Ал үчүн 2001-жылы ойлоп табуучу Павел Андреев менен Гүлмайрам Желденбаева Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп,  “Шапак” ЖЧК түзүп, Улуттук Академия менен бирдикте патенттен өткөн. Жабдыктын ишине баа берүү максатында алгач лабораторияда иттерди, мышыктарды эксперрименттер өткөрүшкөн. Кийинчерээк аппараттын жардамы менен инсульт, гипертония, нерв ооруларын дарылоодо жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

Бул Озонатр жабдыгы менен коронавирус илдетин толук кандуу дарыласа болот дейт Гүлмайрам Желденбаева.  

Булак:NazarNews.kg

Последние новости