www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Танк каймана аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер Жыргалбек Чомонов Москвада өткөн FMR Fighting Championship FFC турниринде орусиялык Иван Арацкийди жеңип алды.

1-декабрда өткөн турнирге Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын, Орусиянын, Азербайжандын, Грузиянын, Ирандын жана Афганистандын спортчулары катышты. Иш-чара Pamir Fighters жана  "Акбар" мушкерлер клубунун колдоосу менен Орусиянын мигранттар Федерациясы уюштурган.

Турнирде Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышты. Бирок, жеңишке бир гана Чомонов ээ болду. Ал мушташтын экинчи мүнөтүндө техникалык нокаут менен орусиялык мушкерди жеңип алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости