www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда чек арадан ири суммадагы акчалай каражатты мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 3 эркек киши кармалды. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, алар Наманган облусунун Янгикурган районундагы Гязнун калктуу конушунда өзбек-кыргыз чек арасында колго түшүрүлгөн.
«Өзбекстан 24» телеканалынын сюжетинде шектүүлөр «Кобальт» жана «Лачетти» унаалары менен бара жатканы айтылды. Аларды текшерүү учурунда 5 млн 300 миң долларга жакын каражат алынган. Ал эми кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышты.
Алардын биринин айтымында, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет. Ал эми мындай ири суммадагы акчаны Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасына чейин жеткирүү кызматын буга чейин да көрсөтүп, ал үчүн жакшы суммадагы эмгек акы алып турган.
Учурда териштирүү, тактоо иштери улантылып жатат.
Булак: "turmush.kg"