www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин АКШ бийлиги Кытай менен бирге Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун илдет боюнча маалыматты жашырууда айыптап, кайым айтышып келишкен. Ага байланыштуу Кытай коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча АКШнын айыптоосуна кыска метраждуу мультфильм менен жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Мультфильмде Кытай декабрь айынан бери дүйнөнү коркунучтуу инфекция боюнча эскерткенин, ал эми АКШ бул эскертүүлөргө эч кандай чара кабыл албаганы көрсөтүлгөн. Тасмадан көрүнүп тургандай АКШнын символу болгон Эркиндик статуя ооруп, тамчылатма дары (капельница) алып, кыйналып турса да Кытай менен айтышып турганы шылдыңга алынган.

Март айында Кытай вирус жөнүндө кабар берип, 10 күндө оорукана куруп бүттүк десе, АКШ "эмне болуптур, мактанчаактар" деп айтып, көңүл бурбай койгону, натыйжада АКШда илдет күчөп, каза болгондордун саны өскөн убакта Кытайды маалыматты ачык айтпадыңар деп айыптаганы жеткиликтүү көрсөтүлөт.  

Эске салсак, учурда АКШда илдеттен каза болгондор 70 миңге жакындап, дүйнө жүзү боюнча 1-орунду ээледи.  Илдетке чалдыккандардын саны 1, 21 миллион киши, ал эми сакайып кеткендер 160 миңди түздү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости