www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн милиционерлери күйүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 2020-жылдын 5-майында 11:00 чамаларында, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Бишкек ш. Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочусу К.Нурбаевдердин курамында, кызматка өтөп кайгуул уюштуруу учурунда, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана А. Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасы өрттөнүп жаткандыгын байкап, аны токтосууздан өчүрүүгө аракеттенишип, чыккан өртүү жайылышын токтотушту.

Унаа ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, андан соң Кайгуул милиция кызматы башкармалынын кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости