www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда коронавирустук инфекция расмий түрдө катталгандан кийин өлкөдө дары-дармектердин баасы кескин түрдө жогорулап, дарыканаларда калбай калды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Тажикстандын жашоочулары вируска каршы дарылардын көпчүлүгүн ошол коронавирус аныкталгандан кийин эле сатып алышкан. Жашоочулар айрым шаарларда дары-дармектер төрт эсе кымбат баада сатылып жатканын айтышкан. Мисалы: Арбидол дарысы 15 сомониден (115 сом), 400 сомониге (3 миң 76 сом) чейин көтөрүлгөн.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды ажиотаж болбоого чакырган. Министрлик билдиргендей, фармацевтикалык компаниялардын жеткирүүлөрү бар жүк ташуучу унаалар келе жатат.

Белгилей кетсек, аталган өлкөдө коронавирус инфекциясы расмий түрдө 30-апрелде катталган. Учурда инфекцияны жуктурган адамдар кескин түрдө көбөйүп 23гө жетти жана 3 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости