www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британдык белгилүү бир нече саясатчылары менен катар, Лондон шаарынын мэри Садик Хан кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги уюштурупаткан “Айтматовокуулары” иш-чарасына катышты.

Садик Хан видео аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө Ч.Т.Айтматовдун «Жамийла» аттуу чыгармасынан бир үзүндүнү окуп берди.

Иш-чараны уюштурууга Улуу Британиянын Парламентинин алдындагы “Улуу Британия-Кыргызстан” Жалпы партиялык парламенттик достук тобунун Секретариаты өзүнүн колдоосу менен жардамын берди.

Лондон шаарынын мэрии Садик Хандын видео аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

«Ырас, менин сүрөтүм бардык жагынан мыкты тартылган деп айталбасмын, чебердик бара-бара эмгек менен келет эмеспи. Анткени менен, булл сүрөт мен үчүн булл дүйнөдө эң кымбаттуу зат. Мына эми, бир топ тажрыйбалуу болсом  да, кээде иштегеним ойдогудай чыкпай калат. Ошондо өз күчүмө ишенбей, күмөн санаган оор учурлар  болот. Андай учурларда менин жүрөгүмдүн дабаасы, сүрөттөгү Данияр менен Жамийла. Алар менин көзүмө ушундай ысык көрүнүп, мени өзүнө тартып тургансышат. Ошондо сүрөттү карап, Данияр менен Жамийладан көп-көп, көз айрыбай, алар менен ой бөлүшүп, көзмө-көз сүйлөшөм... Тигине Данияр, обон салып, шаңшыды, демек ал, Жамийла экөө, мени жолго чакырышат. Ооба, мен жолго чыгышым керек. Ооба, жайкалган кең таланы басып, мен өзүмдүн айылыма барам. Туулган, өскөн жер күч-кубатын, мен андан жаңы түркүн боёк табам. Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости