www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Идеология сөзсүз керек. Идеология болмоюн бир да мамлекет өнүкпөйт. Мындай пикирин бренд боюнча эксперт Максат Чаки NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда казак менен өзбек туугандардын идеологиясы өтө күчтүү жүрүп жатат. Акыркы 10 жылда Өзбекстан алдыга суурулуп чыкты. Мындай жүрүштө кете берсе жакынкы 20 жылда дүйнөнүн алдыңкы 50 өлкөсүнүн катарына кириши мүмкүн.
"Кыркы жылда муун алмашат деп айтылып келет. Биздин өлкө эгемендикти алганына 40 жылга жакындап калды. Бирок бизге жаңылануу келдиби? Жаңы көз караштар пайда болдубу? Дүйнөнү дүңгүрөтөбүз, өзүбүздүн таасирибизди жүргүзөбүз дегендей амбициялуу муун пайда болдубу деп суроо салсак, азырынча андайлар мамлекетибизде байкалбайт. Андай ураандар, лозунгдар жок. Биз баягы эле ички маселелердин деңгээлинде эле жүрөбүз. Аң-сезим жактан алып караганда учурда биз тилекке каршы, ордубузда турабыз же тескерисинче артка кетип жатабыз", - дейт Максат Чаки.
Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:
Булак: NazarNews.kg