www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биримдик" партиясынын талапкери Марат Аманкуловдун "30 жылда эч нерсе тапкан жокпуз, кайтууга убакыт келди"- деген өңдүү сүйлөгөн видеотасмасы тарады. Учурда интернетте Аманкуловдун сүйлөгөн сөзү талкуу жаратып, көпчүлүктүн кыжырын келтирип турган чагы. Буга карата социалдык тармактагы саясатчылар, активисттер жана журналисттер аталган тасма боюнча "Биримдик" партиясынан түшүндүрмө берүүнү талап кылышууда.

Саясатчы, активист, журналисттердин Фейсбукта пикирлерин төмөндө өзгөртүүсүз беребиз.

Журналист, Шаирбек Маматокторов: "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкулов өлкөнүн эгемендигин саткан чыккынчы катары жоопко тартылсын!

Саясатчы Эмилбек Каптагаев: "Марат Аманкулов "Биримдиктин" талпагын ташка жайдыбы дейм... Утурумдук, убактылуу саясий же дагы башка кызыкчылыктар үчүн түбөлүк, ар бирибиз үчүн ыйык болгон -  Кыргыз Республикасынын эгемендигине кол салыш - чынында эле чыккынчылык!"

Кыргызстандын экс-акыйкатчысы Кубатбек Оторбаев: "Марат Аманкуловдун билдирүүсү - мамлекеттик чыккынчылык. Бул - "Биримдиктин" позициясыбы? Же өзүнүкүбү? Партиядан эл түшүндүрмө күтөт!"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Ата-Журтту сатууга  чакырган мобул маңкурт тез аранын ичинде камакка алынып, жоопко тартылсын. Өзү баштаган "Биримдик" партиясы Юстиция министирлигиндеги каттоодон чыгарылып, шайлоого катышпасын!"

Журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулова: "Марат Аманкулов мамлекеттин жана улуттун чыккынчысы. Башкача атоого мүмкүн эмес. Элдин тагдырын ал чечпейт. Кечирим сурасын же кетсин!"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости