www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна коңшу мамлекеттин аскер кызматкерлери түрткү болгонун ырастады. Видео КР президентинин Telegram-каналына жарыяланды.

Анын айтымында, Кыргызстандын чек арачылары тажик тараптын агрессиясына жооп кылып, адекваттуу аракет кылып, каршылык көрсөтүшкөн.

«Биздин аткылоолорду токтотууга, сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырыктарыбыз угулган жок. Президент конкреттүү органдарга: калкка жардам көрсөтүү, өлкөнүн эгемендигин камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Кырдаал көзөмөлдө», - деп ишендирди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

"Тажикстандын жетекчилиги анын куралдуу күчтөрүнө эч кандай таасир бере алган жок. Алар ок атышууну токтотобуз деп ишендиришти, бирок Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери ок атууну улантышты. Кыргыз тараптан аскер кызматкерлери менен жарандардын арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар", - деди Иманкулов.

Ал жарандарды провокацияга алдырбоого жана фейктерге ишенбөөгө чакырды.

Последние новости