www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 23-январда Марина Шипулина элге тараган видеотасма боюнча жыйын өткөрдү. Ал өз сөзүндө сүрөттөгү жана видеотасмадагы айым өзү эмес экендигин айтып, тараган тасма монтаждалганын баса белгиледи.

Марина Шипулина маалымат жыйында: «Ал адам менен 6 жыл чогуу жашап августь айында эки башка жолго түшкөнбүз. Ошол күндөн баштап эле ар түрдүү коркутуулар болуп баштаган. Социалды тармактары аркылуу таратылган видео жана сүрөттөрдү менин токсон жаштагы агама да көрсөтөм деп шантаж кылып келген. Ал адамдын коркутууларынан тажагандан өз үйүмдөн да көчүп кеттим, себеби мен жашаган үйдүн үстүңкү кабатынан ижарага үй алып, тынчтык бербей койду.

Тараган сүрөттөгү мен эмесмин, бул эң мыкты деңгээлде жасалган монтаж. Мен бул факты боюнча тийиштүү органдарга арыз жаздым. Азыркы күндө укук коргоо органдары иш алып барып жатышат. Мага психологиялык жактан катуу сокку болду»,- деди.

Эске сала кетсек, бул окуя боюнча биздин редакцияга кат келип түшкөн. Келип түшкөн катта далил катары Марина Шипулина катышкан аудио, видео тасма жана сүрөттөр бар. Төмөндө Марина Шипулинанын маалымат жыйынын толугу менен көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости