www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн – март революциясынын 17 жылдыгы. Андан кийин 2010-жылдын апрелинде жана 2020-жылдын октябрында дагы эки төңкөрүш болду. Алар тууралуу көп адам көп нерсе жазып-айтты, бирок бир жалпы жагдайга жетиштүү маани берилбей келгендей.

Үч жолу тең бийлик мыкчыгандар – оппозиция менен жолугуп-сүйлөшүп, алардын дооматын угуп, өз-ара турумдарын жакындатууга аракеттенсе, баш-аламандыкка жетпей калат беле. 2005-жылы 24-мартта эл аянтка – Акаевди президенттиктен алып түшөбүз деп ойлогон эмес, эгер ал чогулгандардын өкүлдөрүн Ак үйгө чакырып, сүйлөшсө, балким, чоң чатакка жетмек эмес.

2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга туура 2 апта калганда Бакиев «Ынтымак курултайын» өткөргөн, бирок аны сындагандар курултайдан сыртта, көчөдө калган. Жээнбеков дагы 5-октябрда митинг өткөрүп жаткандар менен эртеси, 6-октябрда жолугууну пландаган, бирок түнүчүн төңкөрүш болуп кетти. Эгер ал митингчилерге бир күн мурда жолукканда, окуялар такыр башка нукта өнүгүп кетиши мүмкүн эле. Путин дагы Зеленский менен жолугуп-сүйлөшсө болмок, бирок ал согушту тандап алды.

 

Последние новости