www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия газды рубль менен сатса КРде маселе жаралбайбы?

Мунай экспорттоодо Орусиянын рубль менен эсептешүүгө өтүүсү Кыргызстанда маселе жаратпайт. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-мартта, президент Владимир Путин Европага жеткирилген газ үчүн эсептешүүну Орусия рублга өткөрөөрүн билдирген жана бул тапшырманы аткарууга өкмөткө бир жума убакыт берген.

"Орусия тарап мунай продукцияларын рубль менен сата турганын жарыялады. Бүгүнкү күндө россиялык кесиптештер биржадагы баа боюнча рубль менен келишим түзүүгө даяр. Бул бизге эч кандай маселе жаратпайт", — деди министр.

Ошондой эле, Амангелдиев өлкөнүн каржылык системасы экспорттук-импорттук операцияларды бардык валютада жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости