www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-мартта экономиканын туруктуулугун камсыздоо боюнча жыйын өткөрүп, министрлер кабинетине ички базардагы баанын туруктуулугун камсыздоону тапшырды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, ички базардагы баанын туруктуулугун колдоо менен калктын керектөөлөрүн камсыздоо, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, буудай, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүк товарларын импорттоо боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйында Мирзиёев өкмөттүн эң башкы милдети – инфляцияны төмөндөтүү жана аны мурда белгиленген көрсөткүчүнө тезинен кайтаруу болуп эсептелерин айтты.

Ташкендин негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон Орусия Украинага кол салгандан кийин Өзбекстан азык-түлүк товарларын жеткирүүдө ар башка маселелерге туш болууда. Муну менен катар баа көтөрүлүп, улуттук валютанын куну кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости