www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын түштүгүндө China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 жүргүнчү учагы кыйраган жерде адам денелеринин бөлүктөрү табылды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү улуттук штабынын башчысы Чжэн Си. Бул тууралуу «NazarNews» маалымат агенттигине «CCTV plus» кабарлады. «Лайнер кыйраган жерде учактын сыныктары жана адамн денесинин калдыктары табылды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай бийликтери кырсык болгон жерде «кара куту» да табылганы айтылган.

Эске салсак, 21-март күнү Кытайдын China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing-737 үлгүсүндөгү учагы кулаганы кабарланган. Алгач анда 133 киши бар деп айтылып, кийин бортто 132 адам болгону аныкталган. Алардын ичинен 123ү - жүргүнчүлөр, тогузу - экипаж мүчөлөрү. Лайнер Куньминден Гуанчжоуга бара жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости